Марал Радиосу

Кылычсыз самурай: «Маймыл» лидердин кеңештери

“Кылычсыз самурай” китебин бир дем менен окудум. Китепти кыргызчага которгон Бугупресстин командасына чоң ыраазычылык айтам! Окуп жатканда котормо экени сезилген жок, түп нускадай түшүнүктүү жазылган.

XVI кылымдагы Япониянын легендарлуу тарыхый жол башчысынын ийгилик сырлары китепте кеңири баяндалат. Мен баштан аяк таасирленүү менен окудум, бирок анын баарын айтып берүү мүмкүн эмес, окуш керек 😊 Мага таасир калтырган жагдайлары тууралуу оюмду бөлүшөйүн.

Өзүңөрдүн табият берген жөндөмүңөр менен өзгөчө болгула

Хидэйоши, жапон тарыхында эң көрүнүктүү жана өзгөчө лидер катары белгилүү. Ал кыска бойлуу, арык, түрү суук, кулактары делдейген адам болгон. Бул үчүн анын өмүрүнүн аягына чейин “маймыл” деген аты болгон. Согуш өнөрүндө такыр шыгы болгон эмес, бирок ал табият берген жөндөмү – акылы менен ийгиликке жеткен.
Кедейдин баласы болгондуктан кожоюнунун бут кийимин ташып иштегенден тарта, ар бир берилген ишти берилүү менен аткарган. Кимге кызмат кылууну бир канча критерий менен тандап алып, анан кызмат кылган.

Чоң болбой, лидер болгула

Хидэйоши, эгер жетекчи өзүн кызматкерлерден жогору койсо, тагдыр ага тескери караган учурда, алар да тескери карап кетишерин эскертет. Ишти аткарбаган кызматкерлерге ачууланып, өзүн алардан жогору экенин күнүгө эскерткен жетекчи тууралуу айтат. Анын пикиринде, жетекчи кызматкер менен тең ата болушу керек.
Ал согушка караганда дипломатия маанилүү экенин жашоосунда колдонгон. Ошол эле учурда, жеңилген душмандарына карата кечиримдүү болуп, аларды баш ийгенден кийин өз жеринде бийлигин жүргүзүүгө уруксат берген.

“Өзүңөргө катуу, башкаларга кечиримдүү болгула. Кечиримдүүлүк ишенимди жаратат”.

Сөзүңөргө тургула

Хидэйоши, уруулар ичиндеги араздашуу күч алып турганда, Сойто уруусунун аскер башчыларын өзүнүн уруусуна кошулуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Уруунун лидерин макул кылгандан кийин жетекчиси Нобунага ага ишенбей, аны өлтүрүү буйругун берет. Бирок Хидэйоши душманын өлтүрбөөгө сөз бергендиктен ага өзүн өлтүрүп качып кетүүсүн сунуштайт. Тагыраагы, сөзүнө туруу үчүн өзүнүн жанын садага чапканга даяр болот.

Төмөндө Хидэйошинин мага таасир калтырган сөздөрү:

“Чыныгы лидердин иш-аракети адеп-ахлактык принциптерге негизделет”.

“Курсагы ток армия гана жакшы күрөшөт”.

“Ишеним сатылып алынбайт, ага ээ болуу керек”.

“Чегинен ашкан адептүүлүк, барып калпка айланат”.

“Ар бир адам менен өзүнүн жөндөмүнө жараша иштеше билүү маанилүү”.

“Өз оюн ачык айта билгендер жазаланууга эмес, сыйланууга татыктуу”.

“Мактоо бир тыйын турбайт, ал бекер. Бирок анын натыйжасы баа жеткис”.

***

Хидэйоши, “Тажрыйбасыз лидерлер казынабыз бошоп калат деп, жоомарт болуудан коркушат. Бирок менин акы төлөөдөгү жоомарттыгым, айланама ар кандай кесиптеги адамдарды топтоду”, — деп эскерет. Ал кызматташкандарына жеке өзүнүн кол жазмасы менен ыраазычылык каттарын жазып турган.

***

“Акылдуу лидер даанышман кеңешчилерди издеши керек”.

“Силер менен макул болбогон адамдардан да кеңеш алгыла”.

“Лидер, уюмдун андан ары өнүгүүсү үчүн өзүнөн да жөндөмдүү адамдарды ишке алышы шарт”.

***

Хидэйоши, өзүнүн көктүгү, күчтүү мүнөзү менен да таң калтырып келген. Ал бир стратег Ханбэйди кеңешчи катары ишке алууда, ага 12 жолу жолугушкандан кийин макул кылдырган. Өзүнүн айлыгы да аз болгондуктан күчтүү кеңешчини ишке алууда, айлыгын толугу менен ага берүүнү убадалаган. Муну баалаган жетекчиси Хидэйошинин айлыгын жогорулаткан.
Жубайынын кеңешин да өмүр бою угуп, колдонгон. Ал жашоосунда кеңешчилеринен акыл алууга баамы жеткен үчүн бактылуумун деп белгилейт.
Согуштан чарчаган элдин маанайын көтөрүү үчүн 800дөй кишиге өз колу менен чай даярдап берген. Хидэйоши Япония тарыхында эң жаратман куруучу катары да таанымал. Элдин санын, жерлерди каттоо, жол, канал жана башка социалдык курулуштарды калыбына келтирген.

Бийликтин котур таштары

Кан төгүүлөр менен коштолгон заманда элди бириктирди, бирок азыркы күндөгүдөй эле, лидердин ийгилиги артып, максатына жеткенде андан ары күрөшүүнү аксатып, “бийликтин котур таштары” аны да адаштырган. Ал дагы өзүнүн жубайынан башкаларга көз арткан. Жубайы төрөбөгөн үчүн 300дөй күң күткөн. Тамак-аш, ичимдикке берилген күндөрү болгон.

***

“Элди башкара алган күчтүү, ал эми өзүн башкара алган кудуреттүү”

***

Ошондо ал катасынан сабак чыгарып, “токтоолук сырын”, аша чаап кетүүдөн алыс болууга чакырган.

Хидэйоши, өзүнүн ысырапкорлугу катары алтын таратуу аземин белгилейт. Ал кол алдындагыларга жана элге 365 миң алтын тараткан. Бул катачылыктан “жөнөкөйлүк сырын” чыгарып, мактанчаактыктан алыс болууга үндөгөн.

***

“Пессимизм – жеңилген адамдын стратегиясы”.

***

Китептин аягында Хидэйоши, лидерликтин акыркы сырын ачат. Акыркы сырдын сыры – эч кандай сырдын жоктугу болот.

Ал эң жөнөкөй, жалпыга маалым болгон принциптерди колдонгон:
-өзүн лидерине арноо;
-талыкпай эмгектенүү;
-ыраазы болгонду билүү;
-чечкиндүү болуу.

Муну айтуу оңой болгону менен чыныгы жашоодо колдонгондор аз экенин бирок окурманга далилдеп бере алганын белгилейт.

Менде пайда болгон ой – лидердин аң-сезими жаштайынан башкача болушу керек экен. Эң майда жумуштан тарта, чоң кызматтарга чейин тажрыйба алышы керек экен. Ошол эле учурда, күч эмес, акыл, адамдык сапаттар эң маанилүү экен. Азыркы башкача ой жүгүрткөн жаштар бийликке келсе өнүгөт экенбиз деп үмүттөнөм. Бирок туугандарды, тааныштарды, кудаларды кантебиз?..