Марал Радиосу

Чет жактагы мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин жыйынынан фоторепортаж

Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы аяктады.

Жыйында “Чет жактардагы мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды. Мындан сырткары “Мекен-Карт” улуттук демилгесин, “Мекеним” программасын киргизүү маселелери каралды.

Мекендештер тарабынан болсо, айрым өлкөлөрдөгү консулдуктардын санын көбөйтүү, элге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө ниеттенген мекендештер үчүн шарттарды түзүп берүү сунуштары айтылды.