Биз менен байланышыңыз

Ош-Араван каналына түшүп кеткен жаранды издөө уланууда

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 397 | 0

Бүгүн, 31-июлда Жапалак айылындагы Ош-Араван каналына сууга түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Суу чарба башкармалыгы тарабынан каналдагы суу убактылуу токтотулуп, издөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 29-июлда Жапалак айылында Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу (аты-жөнү такталууда) маалымат түшкөн.

30-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу тартылып, саат
12:30да суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM