Биз менен байланышыңыз

Бакиевди колдогон мааламаттар тууралуу УКМК билдирүү жасады

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 471 | 0

Ар кандай маалымат булактарында мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон мааламаттар жана телевизиондук матералдар тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү жасады.

Маалыматка мылайык, Бакиевди колдогон мааламаттардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт.

Буга байланыштуу, УКМК мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш-иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Учурда айыпталуучулар издөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM