Биз менен байланышыңыз

АКШ кыргызстандыктар үчүн эмгек визанын баасын төмөндөтөт

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 2822 | 0

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын жарандары үчүн окуу жана эмгек визаларынын баасын төмөндөтүүгө макул болду. Мындай өзгөрүүлөр ушул жылдын 7 -августунан баштап күчүнө кирмекчи. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялардын алкагында 2015-жылдан бери биринчи жолу ийгиликтүү жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну ар тараптуу тереңдетүүгө макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM