Марал Радиосу

Бүгүн Бишкекте кыргыз-америкалык эки тараптуу консультациялар өтөт

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеникти кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө жаңыланган макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн, биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын, ошондой эле Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты.

Америкалык тарап өлкөдөгү демократиялык институттарды жана базар экономикасын бекемдөөгө мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар кыргыз-америкалык мамилелерин жаңы мазмун менен толуктоо зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Эске салсак, АКШ делегациясы бүгүн, 31-июлда өтүүчү төртүнчү кыргыз-америкалык эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн Бишкекке келди.