Биз менен байланышыңыз

Алименттен качкандардын электрондук базасы түзүлөт

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 679 | 0

Алименттик милдеттенмелер боюнча айрым маселелерин жөнгө салуу жолу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Тактап айтканда, алименттик милдеттенмелер боюнча маалыматтарды камтыган электрондук базаны түзүү жана иштетүү каралган. Издөөдө жүргөн алимент төлөөчүнү тапкан учурда сот аткаруучусу доогердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде алмиент төлөөлөдөн качкандардын сүрөтүн жана карыз жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасында жайгаштырат.

Карызды толугу менен төлөп бүткөндөн кийин же аткаруу өндүрүшү токтогон соң сот аткаруучусунун демилгеси менен алимент төлөөчү тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасынан алынып салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM