Марал Радиосу

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

29-июлда кыргыз-казак чек арасынын мыйзамсыз кесип өтүп жаткан Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

1977-жылкы Т.А., аттуу Казакстандын жараны Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына өткөн кезде чек арачылары тарабынан колгон түшкөн.

Керектүү документтер толтурулгандан кийин мыйзам бузуучу Улуттук коопсуздук камитетинин тиешелүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.