Марал Радиосу

Нью-Йоркто ок атуудан 11 киши жабыркады

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк штатынын Бруклин районунда ок атуудан 1 киши көз жумуп, 11  адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда New York Post газетасы укук коргоо органдарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ок атуу көчө майрамын майрамдоо учурунда чыккан.

Полиция кызматкерлери ок аткан кишини издөөдө. Учурда кылышкер тарабынан ташталган курал табылган.