Марал Радиосу

Эмомали Рахмондун Кыргызстандагы иш сапары аяктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков узатты.

Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты.

Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты.