Марал Радиосу

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 13 жылдыгын белгиледи

Өлкөнүн Абадан коргонуу күчтөрү бүгүн 27-июлда уюшулганынын 13 жылдыгын белгилеп жатат. Бул тууралуу Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга карата салтанаттуу азем өтүп, өлкөнүн Генералдык штабынын башчысы аскер кызматкерлерин куттуктап, грамоталарды тапшырды.

Салтанатка Кыргызстандын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Кант шаарындагы Орусиянын авиабазасынын жетекчилиги жана Казакстандын аскердик атташеси катышты.