Марал Радиосу

Кадамжайда боз үйдө бала бакча уюшулду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылынын тургуну Айзада Арзыбаева айылга бала бакча уюштурду.

46 жаштагы демилгечи айымдын айтымында, ал демөөрчүлөрдүн жардамы өз үйүнүн короосуна боз үй тигип, 3 жаштан 14 жашка чейинки 30 баланы кабыл алган. Балдар эртең мененки саат 9:00дө келип, кайра саат 14:00дө үйлөрүнө кетишет. Бирок талаа жумуштары башталгандыктан айрым учурларда кечке чейин калып калышат. Балдарга жумасына 2-3 жолу сабак өтүлүп турат.

«Балдарга китеп окуп берип, кол өнөрчүлүктү үйрөтүп жатабыз. Демөөрчүлөр да колдоо көрсөтсө, 2-3 жерге боз үй тигип, балдарга мектепке чейинки билим берүүнү пландап жатабыз», — деди А.Арзыбаева.

Боз үйлөрдөн уюштурулган бала бакча «Нур-Үлгү» деп аталат. Аны жетектеген Айзада Арзыбаева 3 жылдан бери жайлоо бала бакчаларында балдарды тарбиялап келген.