Марал Радиосу

Чүйдө 5 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Чүй облусунун чек ара кызматкерлери 5 тоннага жакын жапайы кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара кызматкерлеринин «Чек арадагы бир туугандык-2019» операциясынын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жапайы кара куурай аянты табылган.

Атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин, ИИМдин, УКМКнын жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда 5 тонна жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынды.

Exit mobile version