Марал Радиосу

Коррупция менен күрөштөн өлкө казынасына 1,5 млрд сом түштү

Коррупция менен күрөштөн бирдиктүү депозиттик эсепке 1,5 млрд сом түштү. Мындай пикирин Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал каражаттар окуучулардын саны көп болгон мектептер үчүн кошумча имарат курууга жумшалат.

«Ош, Бишкек жана Чүй облусундагы окуучунун саны көп болгон мектептерге имарат куруп берүү пландалууда. Учурда 15 мектеп тандап алынган«, — деди Амандыков.