Марал Радиосу

Жарым жылда 39 массалык уулануу катталды

Жарым жылда 39 массалык уулануу катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев кабарлады.

Анын айтымында, былтыркы жылдын алгачкы жарым жылдыгында 30 массалык уулануу катталган. Быйыл андан көп.

«Анализдер көрсөткөндөй, массалык ууланууга негизинен тамак-ашты туура эмес даярдоо, азыктарды туура эмес сактоо, ошондой эле, ресторан жана кафелердин кызматкерлеринин санитардык эрежелерди сактабоосу себеп болууда», — дейт дарыгер.

Чечейбаев билдиргендей, коомдук тамактануу жайларын көзөмөлдөөнүн сапаты төмөндөп, текшерүүлөр азайган.