Марал Радиосу

Корнела Феруцэ МАГАТЭнин убактылуу директору болуп дайындалды

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруу кеңеши башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу кылып румыниялык Корнела Феруцэни дайындады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Корнела Феруцэ 6 жылдан бери маркум жетекчи Юкия Аманонун жакын жардамчысы катары иштеп келген.

Учурда башкы директорлукка талапкерлердин документтерин кабыл алуу, шайлоо мөөнөтүн белгилөө, сынак жүргүзүү жолдору талкууланып жатат.

МАГАТЭни 2009-жылдан бери башкарып келген башкы директор Юкия Амано 22-июлда 72 жашында каза болду. Ал 2020-жылдын март айында отставкага кетмек.