Марал Радиосу

Даутов: Эл «шабашниктерди» сүрөткө тартып жөнөтсө болот

Рейд жүргүзүү боюнча элде нааразычылыктар болсо, ШИИБге кайрылса болот. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кээде жөндөн жөн эле рейд жүрүп жатат деп токтотуп алып текшере беришет», — деген  кайрылуу, даттануулар көп түшөт.

«Андай учурда адамдар расмий түрдө ШИИБге чалып, «Бул жерде рейд жүрүп жатабы, жокпу?» — деп тактай алышат. Негизи кээ бир жерлерде ШИИБ кызматкерлери өздөрү эрежени бузуп, мыйзамсыз туруп алышкан учурлар болот. Аларды «шабашник» деп коёт. Мындай учурда аларды сүрөткө тартып эле жөнөтсө болот. Маршруттук картасы барбы, жокпу дароо эле аныкталат», — дейт Даутов.

Ошол эле учурда, алкоголь колдонгондорду текшерүү, жол эрежесин бузгандарды көзөмөлдөө сыяктуу рейддер жүрүп турат. Маршруткаларды текшерүүгө чыгышат. Ошондой эле, өзгөчө жагдайларда рейд түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда алардын атайын уруксат кагазы болушу керектигин кошумчалады Даутов.