Марал Радиосу

Сейтек Атамбаев: Жасаган жакшы иштериңизге шоопуруңуз көлөкө түшүрүп жатат деп айткам

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу атасына айткан сыны үчүн эки жыл сүйлөшпөй жүргөнүн жарыялады.

Сейтек Атамбаев акыркы күндөрү ага «Атаңа бийликте турганда айтпайт белең?» — деген билдирүүлөр көп болуп жатканын айтып, коомчулукка чындыкты жарыялагысы келгенин айткан.

«Сиздин шопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, сиздин мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!» — деп айтканы үчүн эки жылдын ичинде бир жолу эле көрүшкөнүн билдирди.

Мындан сырткары, эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер да ошолор экенин кошумчалаган.