Биз менен байланышыңыз

Индия: Чагылгандан каза болгондордун саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 633 | 0

Чагылгандан улам Индиянын Бихар жана Жаркханд аймактарында эки күндө 51 адам каза болду. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бихар штатында 39, Жаркханд штатында 12 адам каза болгон. Телеканалдын кабарлашына караганда, бийлик өкүлдөрү жакындарын жоготкондорго компенсация төлөп, жаракат алгандарга колдон келген жардамын көрсөтүп жатат.

Буга чейин Индиянын Уттар-Прадеш штатында күчтүү чагылган түшүп, 32 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM