Марал Радиосу

«Ден соолук кербени» долбоорун Евразия өнүктүрүү банкы каржылайт

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ден соолук кербени» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул маалымат Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Өкмөттүн № 291 токтому менен демилгеленген бул мыйзам 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө тиешелүү тарапка кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы менен болгон макулдашууга 29-мартта Финансы министри кол койгон.

Кошумчалай кетсек, «Ден соолук кербени» долбоору алыскы аймактардагы калктын саламаттыгына кам көрүү максатында 2016-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылган.