Марал Радиосу

Өкмөт Ботаникалык бактын ирригациялык тутуму маселесин чечүүнү тапшырды

Өкмөт Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын ирригациялык тутуму маселесин шаардык кызматтардын катышуусунда жеринде карап чыгып, тиешелүү тараптарга бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыдыруу иштеринде Өкмөт Түштүк ЧЧКнын жээгинен батышты көздөй кеткен дренаждык каналды отоо чөптөрдөн арылтууга көмөк көрсөтүү ишин Бишкек шаардык мэриясына тапшырды. Андан тышкары, «Бишкек асфальтсервис» муниципалдык ишканасы Аалы Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ноону бир күндө иретке келтирип, ага түшкөн сууну көбөйтүүгө тийиш экенин айтты.

Муну менен бирге, Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына ирригациялык канал катары колдонуу үчүн Ботаникалык бакка эски ноолорду өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, ботаникалык бактын аянты — 150 гектар. Бактын коллекциялык фондунда өсүмдүктөрдүн 5 миңге жакын түрлөрү бар.