Connect with us

Ак-Сай айылынан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 674кө жетти

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 651 | 0

Ак-Сай айылынан коопсуз жайларга көчүрүлгөндөрдүн саны 674кө жетти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы билдирди.

Кечээ, 23-июлда Ак-Сай айылынын 315 тургуну Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин жана медресенин имаратына убактылуу жайгаштырылган. Андан соң саат 16:00 чамасында кайрадан атышуу башталып, 359 жашоочу көчүрүүгө макул болушкан. Убактылуу көчүрүлгөн жарандар: негизинен жаш балдар, аялдар жана улгайгандар. Ак-Сай айылынын 263 тургуну туугандарынын үйүнө убактылуу көчтү. Калган 411 тургун убактылуу түзүлгөн кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында калууда.

Бүгүнкү күндө ооруканада 17 киши дарыланууда. Алардын 13үнө ок тийген, 4өөнө таш тийген.

Эске салсак, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки элдин ортосунда чатак ырбап, курал колдонууга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM