Марал Радиосу

Баткен: «Күч түзүмдөрү элге курал колдонду» деген маалымат боюнча ИИМ билдирүү жасады

Социалдык түйүндөргө жарыяланып кеткен «Милиция кызматкерлери Ак-Сай элине курал колдонду» деген видео боюнча Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн 24-июлда болжол менен таңкы саат 6.00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары аталган айылды кесип өткөн «Ак-Сай-Ворух» унаа жолун жыгач тосмо менен мыйзамсыз тосуп салышкан.

Болжол менен 11:45 чамасында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматын өтөп жатышкан милиция кызматкерлери тосмо жыгачтарды алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, А 1200 L мамлекеттик номурлуу жүк ташуучу «Камаз» унаасы менен келген айдоочу жолдун ортосуна шагыл төгүп салган. Анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылышкан милиция кызматкерлерин айылдын тургундары жабыла ташка алып, жаалданып кыйкырып, мыйзам талаптарына баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштан 3 кызматкер жараат алды.

Жолду ачуу максатында милиция кызматкерлери атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонулуп, айылдын тургундарын жолдун четине сүрүп чыгарган.

Учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу, жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда орун алган мыйзамсыз жагдайды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.