Биз менен байланышыңыз

Ак-Сайда Кыргызстандын күч түзүмдөрү элге карата курал колдонду [видео]

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 14642 | 1

Ак-Сайдагы чек арада Кыргызстандын күч түзүмдөрү жергиликтүү элге карата жардыргыч заттарды, көздөн жаш агызчу курал колдонду. Андан бир топ жергиликтүү тургун ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Ак-Сай айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Абдусаттар Бердиев «Маралга» билдирди.

Алардын айтымында, чек арачылардын Тажикстандын Исфара-Ворух жолун ачабыз деген аракетине эл каршы чыкканда ушундай окуя болуп кеткен.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова окуя боюнча «Маралга» комментарий берди. Анын айтымында, милицияга атырылган жергиликтүү элди таркатуу максатында үн чыгаруучу жардыргыч заттар колдонулган.

Учурда эл тарап, кырдаал турукташканын Дамира Юсупова кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM