Марал Радиосу

Эмилия Алмазова карате боюнча дүйнө чемпиону! [видео]

Кыргызстандык Эмилия Алмазова карате боюнча дүйнө чемпионатын жеңип, дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Эмилия карате-до шотокан түрү боюнча Чехиянын Градец-Кралов шаарында өткөн XIII Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Кыргызстандын желеги асманга желбиреп, өлкөнүн мамлекеттик Гимни жаңырды.

Чемпионатка Кыргызстан курамасынан 25 спортчу катышып, 1 алтын, 1 күмүш жана 9 коло байгеге ээ болушту.

Жалпысынан 52 мамлекеттин 1500 карате чебери катышкан мелдеште Кыргызстан командалык эсепте 19 орунду ээледи.