Марал Радиосу

Порошенко кайра суракка чакырылды

Украинанын мамлекеттик тергөө бюросу мурдагы президент Петр Порошенкону 25-июлга суракка чакырды. Бул тууралуу аталган бюронун басма сөз кызматына шилтеме жасап «Зеркало недели» сайты жазды.

Эске салсак, 17-июлда суракка чакырылган Порошенко тергөөгө келген эмес.

Учурда Украинанын Тергөө боюнча мамлекеттик бюросунда Порошенконун тиешеси бар делген сегиз кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат. Анын катарында «Центрэнерго» ишканасындагы кызматтарды бөлүштүрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды», «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке  чыккынчылык кылган», — деген айыптар бар.