Марал Радиосу

Чек ара чатагы: Тажик жараны каза болду деген маалымат калп

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек ара чатагында Тажикстандын жараны Кыргызстан тараптын ок атуусунан каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Себеби, Ак-Сай айылынын тургундары эч кандай курал колдонгон эмес. Мындай маалыматты Ак-Сай айылынын айыл башчысы Эркин Жолчуев билдирди.

Эскерте кетсек, «Азаттыктын» тажик кызматы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураевдин айткандарына таянып, кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапты, дагы жети киши жараат алды деген маалымат берген.

Алардын билдирүүсүндө кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонгон, ал эми тажик тарап таш ыргытканы, каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени айтылган.

Exit mobile version