Марал Радиосу

Салык кызматы чек ара бекеттериндеги бир катар мыйзам бузууларды аныктады

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек ара бекеттериндеги бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат бөлүмү билдирди. 

Алсак, «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен баасы 3 млн сомдон ашык деп эсептелген 88 миң 704 даана аэрозоль идишиндеги Дихлофос алып келе жаткан автоунаа кармалды. Импорттоочунун жанында салык органынын маалымкаты жок болгон.

Мындан тышкары, ушул бекеттен салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты жана коштомо кагазы жок 30 кубметр жыгач материалын алып келүү фактысы аныкталган.

Дагы бир мыйзам бузуу «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен катталды. Анда баасын төмөндөтүп көрсөтүү менен 19 миң 539 тонна экологиялык отун майын алып келе жаткан автоунаа кармалган. Ошондой эле, ушул эле бекеттен салык органынын маалымкаты жок 20 тонна коон алып келаткан унаа колго түшкөн. 

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Exit mobile version