Марал Радиосу

Эльдар Абакиров Экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду

Эльдар Абакиров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Элдар Абакиров бул кызматка 2016-жылдын май айында дайындалган.