Марал Радиосу

Ак-Сай айылында абал турукташууда

Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал акырындык менен турукташып жатат. Мындай маалыматты Аксай айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эргеш Ниязкулов билдирди.

Анын айтымында 22-июлдан 23-июлга оогон түнү тажик тарап ок чыгарып баштаган. Ак-Сай айылындагы аялдар жана балдар эвакуацияланган. Жарадарлардын жалпы саны 11, алардын ичинен төртөө жай тургун, жетиси аскер кызматкери. Үч адамга ок тийген. Алардын баары Баткен райондук ооруканасына жаткырылган.