Марал Радиосу

Элет көйгөй: «Калыӊы» аз, түйшүгү көп «Сары кыздын тою»

Ысык-Көлдүн тескейинде жайгашкан Жети-Ѳгүз районундагы элдин көбү багбанчылык менен жан багат. Учурда райондо өрүк бышып, багбандар түшүмүн дүңүнөн өткөрүү менен алек. Бирок баа туруктуу эмес, элеттиктердин эмгеги акталбай калуусу ыктымал. Себебин жергиликтүү алып сатарлар Орусия, Казакстанда да нарктын туруктуу болбой, кардарлардын суроо-талабы азайып жатканы менен байланыштырууда.

— Азыркы тапта алып сатарлар бышканын, көгүн аралаш сатып алып жатышат. Биздин көйгөй: баалардын түшүп жатканы. Мисалы, Жети-Ѳгүз районунун башка айылдары бир баага беребиз деп кармап турушат экен. Канткен күндө да эл өрүктүн түшүмүн, акчасын күтөт. Карызыбыз бар, балдарыбызга алып берчү нерселер бар. Алармандар бааны түшүрбөй кармап беришсе, жакшы болмок, — деди Барскоон айылынын тургуну Мукамбет Сопуев.

Ич ара: «Сары кыздын тою», — деп атаган бул мезгилди Жети-Өгүздүн тургундары чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени, айрымдар: «Өрүктүн акчасы менен кутулабыз», — деп алдын ала карыздап оокат алса, айрымдар балдарынын окуусуна, же күзгү камылга үчүн бааны эртелеп бычып коюшат. Учурда дүӊүнөн сатылган өрүктүн түшүмү начар эмес. Болгону баасынын күн санап түшүп жатканы багбандарды түйшөлтүүдө.

— Азыр Ѳкмөттөн кандай жардам болмок эле. Ар ким өзүнүн турмушу үчүн өзү күрөшөт. Эгер бийликтегилер өрүк алып сатуучуларга шарт түзүп берип, бизге да жүк ташуучу унаалардын санын көбөйтүп берсе, ошол эле чоң жардам болмок. (Жайкал Төкөнаева)

— Алармандар жок, элге кыйын эле болуп жатат. Фуралар келгени менен, келген үйдүн коӊшулары, туугандарына гана жашик таратылат. Алыста жашагандар укпай да, билбей да калып жатабыз. (Тамара Дүйшеева)

— Азыр элдин бир гана тилеги: «Сары кыздын тоюнун» жакшы өтүшү. Акчасы кирешелүү болсо, балдарды окутканга, кийим-кечесине жарап бермек. (Эркинбек Жоламанов)

Өрүктүн килосу мындан 1 апта мурда Тоӊ жана Жети-Ѳгүз райондорунда 40-45 сомго чейин сатылса, акыркы эки күндөн бери 30 сомдон төмөндөп кеткен. Алып сатарлар мунун себебин чек арадагы көйгөйлөргө байланыштырууда. «Бажы көйгөйүн өкмөттүн өкүлдөрү чечпесе, бул жагдай кайталана берет», — деди соодагер Гүлмира Кудабаева.

— Ысык-Көлдө кандай керемет, таптаза, даамдуу өрүктөр өсөт. Канча жылдан бери көлдүн өрүгү деп Орусиянын бардык шаары баалайт. Бизди кыйнаган көйгөй: Казакстандын чек арасынан өтүү. Ушул жагдай абдан оорчулук жаратууда. Орто жолдо жалданган жүк ташуучу унаанын ээлери кыйналып жатышат. Ушул көйгөйдү Ѳкмөт көзөмөлгө алып, жардам берсе, элге да, бизге да жакшы болмок. Мисалы, чек арада 10 күндөп турсак, бышкан өрүк сапатын жогото баштайт. Сактоого да мүмкүн эмес. 

Ал ортодо жашиктерге жемиш тизип, унаага жүктөп берген жашоочулар бул мезгилде ишсиз калып жаткандарын айтышты. Алардын ичинен өзүнүн ысымын атагысы келбеген айым: «Бул жылы иш жакшы болсо, кышкы көмүргө акча чогултмак элем», — дейт.

— Биздин бакчабыздагы өрүктөр азырынча түшүм бере элек. Андыктан, фураларга жер-жемиш жүктөп иштейбиз. Мөмө-жемишти таңдан-кечке Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына жооп бергидей кылып, сорттогонубуз үчүн акысына 600 сом алабыз. А эгер бакчадан өрүк тере турган болсок, бир жашигине 20 сом төлөнөт. Алармандар көп келсе, кышкыга акча топтоп, көмүр сатып алмакмын.

Айтсак, Жети-Ѳгүз району боюнча ар жылы 3 миӊ гектар жерден 10 миӊ тоннага чукул өрүк жыйналат. Алып сатарлардын аз келүүсүнө байланыштуу анын 5 миӊ тоннага жакыны жерде калып, кайра иштетүүгө да өтпөй, чирип жок болот. Ал эми бул боюнча райондун акими Мурат Раматов айыл чарба өндүрүмү ЕАЭБдин талаптарына жооп бербей калып жатканын айтат. Андан тышкары, соода-сатыктын жолун ачууга алы жетпеген соӊ, багбандарды жаӊы сорттогу көчөттөрдү отургузууга үндөп жатканын кошумчалады.

— Чындыгында, бул — оор маселе, райондук деӊгээлде эч нерсе кыла албайбыз. Көбүнчө өрүк фестиваль өткөрүп, өрүктүн туура сортун тандоо, дарылоо жолдорун айтып түшүндүрүүгө гана мүмкүнчүлүк бар. Алып сатуучулардын саны да аз. Быйыл Казакстанда мөмө-жемиш көбөйдү. Ошого байланыштуу алар Орусиянын базарын толтуруп салууда.

Жогорудагы элдин көйгөйүн жеткизүү, бир чети маселе боюнча маектешүү максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кайрылып, тилекке каршы, эч кандай жооп ала албадык.

Exit mobile version