Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев бардык нерсеге барышы мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июл 2019 | 831 | 0

«Менде курал-жарактын бардык түрү бар, мен коргономун», — деп өзү айтпадыбы. Бул деген мыйзамга болгон ишенбөөчүлүк. Мындай пикирин КРнын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Атамбаев бардык нерсеге барышы мүмкүн. «Менде курал-жарактын бардык түрү бар, мен коргономун», — деп өзү айтпадыбы. Бул: «Мен мыйзамга баш ийбейм, ким келсе да атышам», — дегенди түшүндүрөт. Атышам дегенде келген милиция кызматкерлерин атышы мүмкүн. Жанындагыларды атып, күнөөнү башка бирөөнө оодарып коюшу мүмкүн. Балким өзүн-өзү атып салышы да мүмкүн. Мамлекет мына ушулардан сактанып турат», — дейт Мукар Чолпонбаев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевдин «экс-президент» макамын алды. Андан бери ал 3 жолу күбө катары суракка чакырылып, бирок барган жок.

Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө суроолорго жооп берип жатып, Орусияга барып келери тууралуу айткан. Бирок ал өлкөдөн качып кетүү ниети жок экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM