Марал Радиосу

Таласта бетон завод курулат

Таласта курулушка керектелүүчү күнүнө 1500 тонна кум-шагыл чыгарган «Алтын-Казык курулуш» ишканасы ачылды. Бул тууралуу «Алтын-Казык курулуш» ишканасынын башкы директору Эсен Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, келечекте бул жерде темир-бетон өнүмдөрүн чыгаруучу завод курулат.

Учурда 10 адам эмгектенип жатат. Завод толук ишке кирип, кубаттуулугу артса, анда иштеген жумушчулардын саны 80ге жетет.

Ишкана жумушун баштаганына 1 жума болду. Учурда тесттик текшерүү жүрүп жатат. Заводду ишке киргизүүгө 1 млн доллар сарпталды.