Марал Радиосу

Кыргызстан Токио-2020 олимпиадасына алгачкы жолдомосун алды

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2020-жылы Жапонияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

21-июлда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи.

Петрашов аралыкты 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиадалык ченемди толтурду жана жолдомого ээ болду. Бул — кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп оюндарына берилген алгачкы жолдомо.

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча XVIII дүйнө чемпионатына 200дөн ашык өлкөнүн суучулдары катышууда.