Марал Радиосу

Баткен облусунан ажыга баруучулардын алгачкы тобу сапарга аттанат

Бүгүн, 22-июлда ажылык зыяратка Баткен облусунан баруучулардын алгачкы тобу Ош эл аралык аба майданынан Медина шаарына учат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчыларды Сауд Араб Падышачылыгынын «Flaynas» авиакомпаниясы тейлейт. Алгачкы топто 150 жаран ажыга коштоп баруучулар менен жөнөп кетишмекчи. Буга чейин ажылыкка баруучуларга окуу сабактары өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ажы башчылар зыяратчылардын коопсуздугун эске алып, Баткенден Ош шаарына чейинки каттам үчүн атайын кичи автобус уюштурушкан.

Быйыл Баткен облусунан 485 жаран ажылык милдет өтөп келүүгө жолдомо алган.