Марал Радиосу

Бердымуxамедовдун көз жумгандыгы тууралуу кабар жокко чыгарылды

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги өлкө президенти Гурбангулы Бердымуxамедовдун көз жумгандыгы тууралуу кабарды жокко чыгарды.

Ага чейин бир катар ЖМКлар түркмөнбашы Гурбангулы Бердымуxамедов көз жумганын жазып чыгышкан. Айрым маалыматтарда Бердымухамедовдун өлүмүнүн себеби бөйрөк оорусу деп жазылган.

Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлда эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылды.