Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 488 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 13-июлунда Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгына Б.А. аттуу жаран кайрылып, анча тааныш эмес К.Д. аттуу жаран жалпы суммасы 5 миң доллар турган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасын ижарага алып, из жашырып кеткендигин айтып, ага карата чара көрүүсүн суранган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган К. Д. аттуу жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM