Марал Радиосу

Ажылык сапардагыларга окутуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Медина шаарындагы кыргызстандык ажыларга коштоп келген ажы башчылар коопсуздук эрежелерин түшүндүрүшүүдө. Муну менен катар, алар ажылар жашаган ар бир бөлмөгө кирип, алардын ал-абалдарынан кабар алып турушат. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Ошондой эле ажы башчылар болочок ажыларга убакытты туура пайдаланууга чакырышууда.

Кошумчалай кетсек, учурда Медина шаарына Кыргызстандык ажылардын 4 тобу учуп келди. Азыркы мезгилде Медина шаарында 1600 кыргызстандык жаран өз ибадаттарын аткарып жатышат.