Марал Радиосу

Улуттук гвардия 27 жылдыгын белгилеп жатат

Бүгүн Кыргызстандын Улуттук гвардиясы өзүнүн 27 жылдыгын белгилеп жатат. Буга карата аталган мекеменин аскердик аянтчасында салтанат өттү. Бул тууралуу Улуттук гвардиянын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык күнгө карата Генералдык штабдын башчысынын буйругу менен кызматтык милдетин аткарууда аракетчилдиги, жетишилген ийгиликтери жана кесипкөйлүгүн көрсөткөн бир катар аскер кызматкерлерге ыраазычылык айтылып, грамоталар тапшырылды.

Exit mobile version