Ушул жылдын март айынын аяк чендеринде Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнө Кадамжай шаарынын тургуну 14690 сомдук Аирподс үлгүсүндөгү наушнигин жана 26250 сомдук Айфон үлгүсүндөгү кол телефонун жана сумкадагы кийим-кечелерин уурдатып жибергенин айтып, арыз жазган.
Арыздын негизинде иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө ишин баштаган.
Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 1995-жылы туулган жараны Байышбек уулу Жаныбек экени аныкталып, тергөөгө алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, издөө жүрүп жаткан.
Жайыл РИИБинин кызматкерлери шектүүнү Кара-Балта шаарынан кармап, убактылуу кармоо жайга киргизишкен.
Ал эми 17-июль күнү кармалган атуул Кадамжай РИИБине алынып келинип, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Ош шаарында да кылмыш иштери жасаганы аныкталып, тиешелүү материалдар алынган.
Учурда Байышбек уулу Жаныбек убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.