Марал Радиосу

Бир канча райондордо кылмыш жасаган жаран Токмоктон кармалды

Ушул жылдын март айынын аяк чендеринде Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнө Кадамжай шаарынын тургуну 14690 сомдук Аирподс үлгүсүндөгү наушнигин жана 26250 сомдук Айфон үлгүсүндөгү кол телефонун жана сумкадагы кийим-кечелерин уурдатып жибергенин айтып, арыз жазган.

Арыздын негизинде иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө ишин баштаган.

Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 1995-жылы туулган жараны Байышбек уулу Жаныбек экени аныкталып, тергөөгө алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, издөө жүрүп жаткан.

Жайыл РИИБинин кызматкерлери шектүүнү Кара-Балта шаарынан кармап, убактылуу кармоо жайга киргизишкен.

Ал эми 17-июль күнү кармалган атуул Кадамжай РИИБине алынып келинип, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Ош шаарында да кылмыш иштери жасаганы аныкталып, тиешелүү материалдар алынган.

Учурда Байышбек уулу Жаныбек убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.