Марал Радиосу

Ырыскелди Тыныбеков Англиянын футбол академиясына кабыл алынды

Кыргызстандын жаш футболчусу Ырыскелди Тыныбеков Англиянын Лестер шаарынын «Brooke house College» футболдук академиясына кабыл алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Бул боюнча 2 жыл сүйлөшүү жүргөн. Быйыл ал аталган академиянын кароосунан ийгиликтүү өткөн.

Эми Ырыскелди Англиянын Маркет-Харборо шаарында окуусун баштайт.

Ырыскелди Тыныбеков Кыргызстандын өспүрүмдөрдүн курама командасынын (U-16) капитаны жана «Илбирс» клубунун оюнчусу болуп саналат.

Эске сала кетсек, Ырыскелди Тыныбеков 2018-жылы Орусияда өткөн дүйнө биринчилигинде Орусия менен Хорватиянын командалары беттешердин алдында талаага топ алып чыккан өспүрүм экени маалым.