Марал Радиосу

ЖАМК: Мунапыс берүү боюнча Садыр Жапаров сотко арыз жиберген

Жазаларды аткаруу кызматы мурдагы депутат Садыр Жапаровго мунапыс берүү боюнча маалымат каражаттарына тараган кабарга карата билдирүү жасады. Анда Жапаровго мунапыс берүү боюнча анын жактоочусу жазган арыз №1 Жазаларды аткаруу кызматынын администрациясы тарабынан сотко жиберилгени жазылган.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-июлунда мурдагы депутат Садыр Жапаров менен анын адвокаты З. Базарбеков Аламүдүн райондук сотуна 27.01. 2014-жылы кабыл алынган «Мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамдын негизинде арыз менен кайрылышкан.

21-июнда Жапаров жана жактоочусу жазган арызды №1 Жазаларды аткаруу кызматы Аламүдүн райондук сотуна кароого жиберген.

16-июлда Аламудүн райондук сотунда соттук отурум болуп, анда арыз канааттандырарлык эмес деп табылган.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасады деп эсептелинет. Беш ай 20 күн бою тергөө изоляторунда өткөргөн күндөрү бир күнү эки күнү катары эсептелинип, жаза өтөөсү 2017-жылдын 15- сентябрынан башталып эсептелинет.

Жаза өтөөнүн акыркы мөөнөтү 2028-жылдын 5-апрелине туура келет.

Эске салсак, мурдагы депутат Садыр Жапаровду 2013-жылы Каракол шаарындагы митингди уюштурууга катыштыгы үчүн бардык инстанциядагы соттор 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн колонияда өтөөгө чечим чыгарган.

Учурда Садыр Жапаров Аламүдүн районуна караштуу Молдовановкадагы №1 камакта жазасын өтөөдө.