Марал Радиосу

Ысык-Көл: Туристтик милиция коопсуздукту «Жип» менен көзөмөлдөйт [видео]

Тоолуу аймактардагы коопсуздукту камсыздоо максатында Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик милиция бөлүмүнө «Жип» унаасы бөлүндү. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик милиция «Жип» унаасы менен тоолуу каттамдарды кыдырып, тоо туризмине келген чет элдик меймандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, аларга бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда бул багытта чет тилин жакшы билген 20 милиция иш алып барууда. Ошондой эле, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан да кошумча күчтөр тартылган.