Марал Радиосу

Эмил Акматов «Кыргызтелекомдун» төрагасы кызматынан алынды

Эмил Акматов «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун төрагасы кызматынан алынды. Учурда ал бул милдетти убактылуу аркалап турат. Буга «Кыргызтелеком» ААКнын директорлор кеңешинин кечээ кабыл алган чечими себеп болгон. Мындай маалымат «Кыргызтелекомдун» расмий сайтына жарыяланды.

Мекеменин директорлор кеңешинин чечими менен Эмил Акматовго ушул эле жылдын 2-апрелинде «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы кызматын убактылуу аркалоо милдети жүктөлгөн болчу.