Марал Радиосу

Спортчулардын стипендиялары жогорулатылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Өкмөттүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы «Алдыңкы спортчуларга берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бул токтом спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.

Мунун натыйжасында:

Жобого ылайык, стипендиялардын өлчөмдөрү жыл ичинде спортчулар көрсөткөн натыйжаларга жараша бюджеттин чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт.

Стипендиялар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияга бөлүнөт.

1) Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

— I категория — 75,0 (жетимиш беш) миң сом;

— II категория — 60,0 (алтымыш) миң сом;

— III категория — 50,0 (элүү) миң сом;

— IV категория — 40,0 (кырк) миң сом;

— V категория — 30,0 (отуз) миң сом;

— VI категория — 20,0 (жыйырма) миң сом;

— VII категория — 10,0 (он) миң сом;

2) Спорттун улуттук түрлөрү:

— I категория — 25,0 (жыйырма беш) миң сом;

— II категория — 20,0 (жыйырма) миң сом;

— III категория — 15,0 (он беш) миң сом;

 3) Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

— I категория — 20,0 (жыйырма) миң сом;

— II категория — 15,0 (он беш) миң сом;

— III категория — 10,0 (он) миң сом;

— IV категория — 8,0 (сегиз) миң сом.