Марал Радиосу

Спорт кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Мындай маалыматты Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары машыктыруучулардын эмгек акысы 50 %га, дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы 20 %га көбөйдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, дене тарбия жана спорт жаатында акыркы убактарда абдан чоң секириктер болуп жатат. Андыктан, Өкмөт да спортчулардын ишине дем берүү максатын көздөйт.