Марал Радиосу

Бишкекте ресторандан өрт чыкты

Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Жаш Гвардия бульвары менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторандан өрт чыккандыгы тууралуу 16:25 чамаларында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Мындан сырткары, ИИМден 10 кызматкер, Бишкек мэриясынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Кошумча маалымат берилет.