Марал Радиосу

Ажыга аттанган алгачкы топ Мединага учуп кетти

Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу бүгүн таңкы саат 6да Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Алгачкы топтогу 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп барат.

Жалпысынан Сауд Арабияга 18 каттам уюштурулат. Алгачкы алты каттам Бишкектен 400 зыяратчы менен учат. Калгандары Ош шаарынан 300дөй зыяратчы менен аттанышат. Акыркы топ 1-августта Жиддага жөнөйт.

Быйыл Курман айт болжол менен 10-11-августка туш келет.