Марал Радиосу

Мумбайда 4 кабаттуу үй урап, 40 адамды басып калды

Индиянын Мумбай шаарында 4 кабаттуу үй урап, 40 адамды басып калды. Бул тууралуу India Today журналы жазды.

Кырсыктан 12 адам каза болгон. Куткаруу тобу 5 адамды аман алып чыгышкан, алардын үчөө жаш балдар. Дагы ондогон адам ураган үйдүн астында калгандыктан, көз жумгандар мында да көп болушу мүмкүн.

Жергиликтүү журналисттердин маалыматы боюнча, турак жайдын тургузулганына 90 же 100 жыл болгон.